Ниет адам баласын тозоктон куткара алабы?

Натыйжасы жакшы бир иш болгон ниет адам баласын акырет аза­бынан куткарышы мүмкүн.

Ниет – бул, ыктоо жана ичинен чечим чыгаруу сезими. Адам бала­сы ниет аркылуу эмне каалаганын, эмнени көздөй ыктаганын билет жана ал аркылуу издеген нерсесин табат.

Адам баласынын баардык иштеринин негизи ниет болгондой эле, ыктоолоруна карай «меники» - деп ээ боло турган иштеринин себеби да ниет. Ошондой эле эрктин өзгөрбөс эрежеси жана адам баласынын иш аткаруусунун негизи дагы ниет болуп саналат.

Бардык нерсе оболу адамдын оюнда бир долбоор катары белгиле­нет. Анан анын планы түзүлөт, андан кийин чечим чыгарылат. Бул ал­гачкы долбоор жана план болбой туруп, ишке баштап жиберүү на­тыйжасыз боло тургандай эле, эрксиз жана чечимсиз бардык долбоор жана план да натыйжасыз калат.

Ниеттеги бул күчкө далил боло турган көп нерсе бар. Бирок көп­төгөн адамдар жашоону толук түшүнбөгөндүгү үчүн бул күчтүн бар экенин деле билишпейт.

Ниет адам баласынын жасаган иштеринде өтө маанилүү рол ой­нойт. Ошондуктан ниет, шыпаалуу дары же баардык эмгекти жемиш­сиз кылган кыйраткыч күч сыяктуу. Көптөгөн кичинекей иштер, миң­деген машакка айланган бир дан сыяктуу, дарыяга айланган бир там­чыдай ниетке жараша чоңоёт. Анын тескерисинче, көптөгөн тоодой иш-аракеттер бар, жаман ниеттин айынан натыйжасыз жана мөмөсүз болуп калат.

Согушта, кандуу кийимдери менен өлүп, тозокко кеткендер көп болгондой эле, таптаза ниеттери аркылуу жумшак төшөктөрүндө өлүп, бейишке кеткендер да аз эмес. Зулумдарга каршы күрөштө ак ниеттүүлөрдүн жанында жеке кызыкчылыгы үчүн салгылашкандар да болот. Бири Алла Тааланын алдында даражасы көтөрүлсө, бири­нин даражасы ылдыйлагандан ылдыйлайт.

Ниет – бул, чектүү жана убактылуу дүйнөдө чексиздиктин эшигин ачкан сырдуу ачкыч жана чектүү өмүрдө түбөлүк бакты-таалай, же азап алып келген нерсе. Бул куралды жакшы колдонгон инсандар да­йыма ийгиликке жетишет.

Согушка даяр бир жоокер өзү согушка катышпаса да согушчандар­дын үлүшүнө түшкөндөй сооп алат. Аскердик бөлүктө нөөмөткө ту­руу саатын күткөн жоокер айлап ибадат кылган адамдай сооп алат.

Мына ушул сырдан улам, Кудайга ишенген пенде убактылуу бир турмушта түбөлүк бакты-таалайга жана өлүмсүздүккө ээ болгондой эле, Кудайды жокко чыгарган пенде түбөлүк азапка дуушар болот. Ушунун баары адамдын ниетине байланыштуу. Түбөлүк ыйман жа­на туура жолду ойлоо түбөлүк бакты-таалайга себеп боло тургандай эле, түбөлүк каапырдыкты ойлоо да түбөлүк азапка себепчи болот.

Жашоосунун акыркы көз ирмемдеринде жүрөгү Аллага кулчулук кылуу сезими менен толгон пенде миңдеген жаш өмүрү болсо, барды­гын туура жолдо сарптап, ниетинен кайтпай тургандыгы үчүн, ниети жүзөгө ашырылгандай кабыл кылынып, ошого жараша мамиле көрөт. «Момундун ниети жасаган ишинен дагы жакшыраак.» Ошондой эле, акыркы минуталарын жашап жаткан каапыр эгер дагы жүз миңдеген жыл жашай турган болсо, Кудайды жокко чыгарып жашоого кылган ниети үчүн ниетине жараша жазага тартылат.

Демек, бул жашоодо негизги нерсе – инсандын ниети. Түбөлүк бак­ты-таалайга ыйман келтирүү момунду бейишке ээ кылат, мунун тес­кериси, каапырды тозокко түртөт.

Кудайды жокко чыгарган каапыр өзү атайылап каалап кылган каа­пырдыктын жазасын тарта тургандай эле бүткүл каапырдыкка себеп болгон шайтан дагы дилинде сактаган Кудайды жокко чыгаруу пики­ринин жазасын такыр бүтпөгөн азап катары тартат.

Негизи шайтандын өзүнө таандык көптөгөн иштери бар. Адамзат­тын кээ бир жөндөмдөрүнүн өнүгүшүндө, көптөгөн жакшы сапатта­рынын пайда болушунда, дил менен рухтун дайыма ойгоо болушун­да шайтандын таасири байкалат.

Ырас, шайтан жеке инсандарга жана жамааттарга жабышат. Алар­дын жүрөктөрүнө уулуу үрөндөрдү сээп, ошол жүрөктөрдү жаман­дык жана караңгылык өсүп-өнүп чыккан талаага айлантууга аракет­тенет. Анын бул бузукулук аракеттерине каршы жүрөктөгү руханий сезимдер ойгонот. Бул болсо адамдын сезимдеринин өнүгүшүнө, бул эң күчтүү душманга каршы дайыма Жаратканга сыйынууга түртөт. Бул болсо, адам баласынын рухий жашоосу үчүн аз гана зыянга учу­раса да көптөгөн нерсеге ээ болушу дегенди билдирет. Ушундай ру­ханий салгылашуунун натыйжасында көптөгөн кишилер «сом алтынга» айланышкан, алардан көптөгөн каарман инсандар пайда болгон.

Бирок шайтан булардын сапаттуу инсан болуп чыгуусуна себеп болгонуна карабастан, эч кандай сыйлыкка ээ болбойт. Анткени ал муну сапаттуу адамдар пайда болсун деп жасап жаткан жок, теске­рисинче, аларды күнөөгө түртүш үчүн, аларды мүдүрүлтүш үчүн кы­лууда.

Демек, шайтандын ойлогон ниети да, кылган амалдары да бузук. Ал башкалардын ээ болгон жакшылыктарынан эмес, өзүнүн ниетте­ринен суракка тартылат.

Шайтандын ниети бузук жана кылган иштери да жаман. Ку­дайга каршы чыгууну билип туруп кылат, атайылап адамдарды бузат. «(Алла мындай) деди: «Сага буюрган чагымда сени саж­да кылуудан эмне тосту?» «Мен андан (Адамдан) жакшыраак­мын. Мени жалын-оттон жараткансың. Аны болсо ылайдан жа­раттың.» - деди ал.. (Алла мындай) деди: «Андай болсо, андан (бейиштен) түшкүн! Сен үчүн анда (бейиште) текебердик кылып жүрүү ылайык эмес. Бейиштен чык! Албетте, сен кор болуучу­лардансың!» «Мага алар тириле турган Күнгө чейин (Кыямат­ка чейин жашоо үчүн) мөөнөт бер», - деди ал. (Алла) айтты: «Са­га мөөнөт берилди.» Ал айтты: «Ант болсун, эми мени жолдон аз­дырып-каңгыратканың себептүү биротоло Сенин Туура Жолуң­дун үстүндө аларды (Адам балдарын) күтүп олтурамын.» (Аъ­рааф/12-16). Бул алгачкы баш көтөрүү, болгондо да билип туруп, атайылап бузукулук кылуу каапырдыктын жолун тандап алуу дегенди билдирет.

Шайтандын бул ниетинен жана душмандыгынан улам пайда бол­гон кээ бир сезимдер аркылуу адам баласы жакшылыкка жете турган болсо, шайтан эч кандай сыйлык ала албайт.

Натыйжа катары мындай демекчибиз, ниет – бул, момундун турму­шундагы эң маанилүү нерсе. Адам баласына жакшылык алып келген­дей эле, жамандык да алып келет. Бейиштин ачкычы ниет болгондой эле, тозоктун ачкычы да ниет.

«Аткарылган иштер ниетке жараша.» Жаза-сооп жасалган иш-ара­кетке жараша болот.