Кудай Таала көптөгөн адамдарга машина, үй, мал-мүлк, атак-даңк берген. Кээ бир пенделерге жардылык, дарт, кайгы-капа берген, ал адамдар жаманбы, же кудай байлык берген адамдарын абдан жакшы көрөбү?

Мындай суроону жообун билиш үчүн берсе болот, тескерисинче, минтип суроо – күнөө.

Алла Таала каалаганына машина, үй, мал-мүлк, каалаганына жар­дылык берет. Бирок байлык табууда кээ бир себептерди жокко чы­гарбаш керек. Мисалы, инсандын байлык табуу жөндөмүн жокко чы­гарганга болбогондой эле, өз дооруна жараша акча табуунун жолдо­рун да жокко чыгарууга болбойт. Муну менен бирге, кээ бирлери бар­дык керектүү шарттарды аткарса да, Кудай аларга байлык бербөөдө. Бир хадисте Кудай мал-мүлктү Өзү каалаганына, ал эми илимди бол­со каалаганга берет деп айтылат.

Мал-мүлктү дайыма эле кайырдуу деп эсептебеш керек. Ырас, кээ­де Кудай мал-мүлк, дүйнөлүк бакты-таалайды каалагандарга берет, кээде болсо бербейт. Бирок Кудайдын бериши да, бербеши да кайыр­дуу. Анткени эгер сен жакшы пенде болуп, берилгендерди Кудай каа­лаган жолдо колдоно турган болсоң, анда ал сен үчүн кайырдуу, жак­шы. Жакшы киши эмес болсоң, Кудай сызган сызыктан чыгып кет­кен болсоң, анда Кудайдын бериши да, бербеши да сен үчүн кайыр­дуу эмес.

Эгер Кудай жолунда болбосоң, кедейлик сени каапырдыкка түртөт. Анткени сенин Кудайга каршы чыгууга түрткөнү үчүн, сен күнүгө Ага каршы келүүдөн өзүңдү тыя албай каласың. Эгер Кудай жолун­да болсоң, бирок такыбаалыгың жок болсо, анда сенин байлыгың өз башыңа балее.

Көптөгөн пенделер ушул сынактан өтпөй калышкан. Байлыгы мол абдан көп инсандар бар, наадан болушканы үчүн жүрөгү таш болуп катып калган.

Ошондуктан аларга Кудай Тааланын мал-мүлк бериши – бул, ис­тидраж (укугу жана жөндөмү болбостугуна карабастан көп ырыскы- неъматтарга ээ болуусу себептүү динден чыгып, Алланын буйруктарына каршы чыгуу менен Алланын каарына жакындашы) болуп са­налат жана мунун негизинде алардын жолдон чыгуусуна себеп болот. Бирок булар, баарынан мурда өз руханий сезимдерин өлтүргөндүктө­рү үчүн, ушуга татыктуу болушкан.

Бул жерде Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) тө­мөнкү хадисин айта кетүү ылайыктуу: «Ичиңерде, колдорун көтөрүп, Аллага ант беришкенде, Алла алардын анттарын орундата турган ин­сандар бар. Алар анттарын бузушпайт. Бараа ибни Малик алардын бири.» Ал эми Анастын бир тууганы Бараанын жей турган тамагы, жата турган төшөгү жок болчу, өлбөгүдөй оокаты менен жашачу. Мы­на, Бараа сыяктуу үстүбашы жупуну адамдар бар эле, аларга улуу ин­сан назары менен карап, жан дүйнөсүнүн тереңдиги, ичтеринин нур­дуулугу менен бааланган. Мына ушулар Расули Акрамдын (саллал­лоху алейхи васаллам) тили менен айтканда, ант беришсе, Алла ант­тарында жалганга чыгарбай турган кишилер катары сыпатталган.

Байлыкты да, жардылыкты да балээ, же болбосо жакшылык деп эсептебеш керек. Балким, кээде жардылык – бул, Кудайдын эң чоң жакшылыгы. Кудайдын Акыркы Пайгамбары (саллаллоху алейхи ва­саллам) өз ыктыяры менен жардылыкты тандап алган. «Дүйнө алар­дыкы, акырет биздики болушун каалабайсыңбы, .» - деген. Исламдын экинчи халифасы Азирети Умар, дүйнөнүн байлыктары ислам мам­лекетин көздөй «акканда», жөнөкөй бир жарды киши сыяктуу өп-чап жашаган, ашыкчасын талап кылган эмес.

Бирок жардылыктын бир түрү бар, Кудай сактасын, бул каапырдык жана туура жолдон чыгуучулук. Мисалы, ушул берилген суроо жоо­бун билип алыш үчүн сүйлөгөн момундун оозунан чыкпастан, бир наадандын оозунан чыкканда, Кудай берген ырыскы-ниметке шүгүр­сүздүк кылган ошол киши каапырга айланмак.

Демек, кезеги келгенде кедейлик жакшы, кезеги келгенде жаман нерсе. Негизгиси – жүрөктүн таза болушу, дайыма жакшылыкка баш­тап турушу.

Эй, Рабби! Сенден келген нерсенин баарын кабыл алам. «Жакшы мага сенден келген, же кымкап тон, же кепин, же кооз гүл, же тикен. Мээримиң да жакшы, каарың да жакшы.»