Кулли ираданын бир гана Аллага таандык экени Куран Керимде баян кылынган. Ошону менен катар, жузи ираданын адамга берилгени маалым. Абал ушундай болгон соң, күнөө кылган бир киши өз ирадасына баш ийип күнөө кылабы, же Алла Тааланын кулли ирадасы күнөө кыл

Маселенин кыскача мааниси мындай: Адамдын колунда ирада (эрккаалоо) бар. Биз муну мейли жузи ирада, мейли адамдын инсан­дык өз каалоосу, мейли адамдын кесип (кылуу, аткаруу) күчү дейли. Алла Тааланын жаратуусуна болсо, кулли ирада, жаратуу күчү, б.а. кудурет, ирада жана теквиндин тасарруфу дейли (Булар Алланын сы­паттары). Маселе Аллага таандык жагы менен каралганда, кудум Ал­ла Таала зордоп, ошонун натыйжасында болчу нерселер болууда тү­рүндө түшүнүлүп, бул аркылуу буга жабр (зордоо) аралашат. Маселе адамга таандык жагы менен каралганда болсо, адам баласы өз иште­рин өзү кылат деп түшүнүлөт, анда «Ар ким кылган ишинин жара­туучусу.» пикиринен турган мутазилий ойпикир пайда болот.

Ааламдагы болуп жаткан бардык нерсени Алла жаратат. Бул су­роодо «кулли ирада» деп айтылган нерсе мына ушул. Атүгүл «Валла­хи ххалакакум вамаа таъ малуун: Силерди да, ишиңерди да Алла жа­ратты...» Б.а., силердин да, силерден пайда болгон иштердин да жара­туучусу бир гана Алла.

Мисалы, сиз бир автоунаа жасасаңыз, бир үйдү курсаңыз, бул иш­терди жараткан Алла. Сиз жана иштериңиз Аллага таандыксыз. Би­рок пайда болгон бардык бул иштерде силерге таандык дагы бир не­гиз бар, ал кесб жана мубашарат. Бул болсо жөнөкөй бир шарт жа­на себеп. Кудум дүйнөнү жарыктандыра турган чоң бир электр бас­кычына тийүү сыяктуу... Бул абалда «Силердин эч бир нерсеңер, кий­лигишүүңөр жок.» деп айтылбай тургандай эле, иштин толугу менен силерге таандык экени айтылбайт. Иш толугу менен Аллага таандык. Бирок Алла силерге таандык бул иштерди жаратып жатып, силердин бул мудахалаңарды жөнөкөй бир шарт катары кабыл кылып, кыла турган иштерин ошонун негизинде түзгөн.

Мисалы, бир мечиттин ичиндеги электр механизмин Алла куруп, иштей турган абалга алпкелген. Муну кайрадан жарыктандыруу иши болсо Аллага таандык. Электрондук агымдардан бир нур пайда кы­луу, мечитти жарыктандыруу бир этиш. Булар да «НурунНур, Му­наввирунНур, МусаввирунНур» болгон Алла Таалага таандык. Бирок мечиттин жарыктандырылышында силердин дагы тиешеңер бар, ал Алла курган бул механизмде Алла даярдаган баскычка тийүүңөр. Си­лердин ирада жана күчүңөрдөн да жогору турган ошол механизмдин жарыктандыруу кызматын көрсөтүүсү толугу менен Аллага таандык.

Дагы бир мисал келтирели, иштөөгө даяр турган бир машинаны көз алдыңарга элестеткиле, бир гана иштетүү үчүн баскычына басуу милдети силерге берилген. Ал машинаны кыймылга келтирүү болсо, аны түзгөн жана курган Затка таандык. Ошондуктан, адамга таандык бул кичинекей кийлигишүүнү «кесб» же «жузи ирада» дейбиз. Ал­лага таандык болгонун «жаратуу» дейбиз. Ушинтип, ирада түрлөрү пайда болот:

A) Кулли ирада,

Б) Жузи ирада. Ирада бул, каалоо, тилөө, бул толугу менен Аллага таандык. «Ва маа ташаа ууна ан йаша Аллах = Алла тилегенден баш­каны тилей албайсыңар.» Бул негиз туура түшүнүлбөсүн. Биз мын­дай ойлоп жатып, кулдун да «бир бармак тийгизүүчөлүк эрки бар.» деп, толугу менен жабрийлик көз караштан оолактаган болобуз. Иш­ти пайда кылган Алла деп жатып Муътазила мазхабы жана рациона­листтердей ойлобой турганыбызды көрсөтүүдөбүз. Ушундайча улу­хиятында, рубубиятында Аллага шерик кошкон жерибиз жок. Алла затында бир болгондой эле, кылган иштеринде да бир... ишин баш­кага кылдырбайт. Алла бардык нерсени өзү жараткан. Бирок сунуш, сынак сыяктуу сырлар үчүн адамдын таасирин жөнөкөй шарт ката­ры кабыл алган.

Маселени тактоо иретинде бир улуу инсандын бул боюнча берген мисалын келтиргим келет: «Сен бир баланын каалоосу менен аны ку­чагыңа алсаң, ал сага мындай десе: «Мени баланча жерге алпар.» Сен аны угуп, ошол жакка алпарсаң, бала болсо ал жерде үшүп, ооруп калса... сага: «Мени эмне үчүн бул жерге алпкелдиң.» деп каршы чы­га алабы. Албетте, каршы чыга албайт. Анткени өзү каалады. Сен: «Муну өзүң каалагансың!» деп аны урасың. Эми бул темада баланын ирадасын жокко чыгаруу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес. Ант­кени ал талап кылды жана каалады. Бирок ал жакка сен алпардың. Бала өзү ооруп калган жок. Балким андан бир гана талап чыкты. Ошондуктан, бул жерде ооруну берген менен ал жакка алпарган жа­на бул ишти талап кылган бирибиринен ажыратылат. Биз тагдырга жана адамдын ирадасына ушундай түшүнүктө карайбыз.

Иштин аныгын бардык нерсени тагдыр кылган билет.