Алла Таала биздин бул дүйнөдө эмне кыла тургандыбызды билет. Буйруктарына баш ийип же ийбей тургандыбызды дагы билет. Анда эмне үчүн бизди сынап, бул дүйнөгө жиберди?

Ырас, Алла Таала биздин эмне кыла тургандыгыбызды билет, му­ну менен бирге бизди сыноо үчүн, б.а. бизге жүктөлгөн милдеттерге болгон жөндөмдөрүбүздү өркүндөтүшүбүз үчүн бул дүйнөгө жибер­ген. Ооба, ал бизди жаратаарда кен байлык сыяктуу жараткан: көмүр кени, темир кени, алтын кени, күмүш кени сыяктуу.

Ал муну баардык нерсени жаратып, өнүктүргөн Раббибиз катары жараткан.Чыгармачыл адам кандайча өз жөндөмүн, талантын көрсө­түү аркылуу билинип таанылгысы келсе, так ошондойчо, Алла Таа­ла дагы көптөгөн ысымдары жана алар чагылып турган чыгармалары (жараткан нерселери) менен таанылгысы келет. Өзүнүн түрдүү чы­гармаларын адамзатка көрсөтүү үчүн бул дүйнө деп аталган көргөз­мөнү ачып, купуя кооздуктарын ачыкка чыгарган.

Дагы тагыраак айтканда, көмүр кенинде Алланын ысымдары кан­дайча чагылып көрүнүүдө, темирде, алтында, күмүштө кандайча өзүн көрсөтүүдө, анан адам баласынын кийлигишүүсү аркылуу иштетил­ген алтында, күмүштө жана темирде кандай чагылууда.. Дагы бир аз иштетилүү менен көмүр алмазга айланганда Жаратуучунун ысымы­нын чагылганын көрөбүз, мына ошого көңүл бурдуруу үчүн түрдүү даражаларда жана этаптарда ысымдарынын чагылууларын көрсөтүп, өзүн даана таанышыбыз үчүн мүмкүнчүлүк түзүүдө. Ырас, бардык нерсени жараткан – Ал Өзү. Ал баардык нерсени жаратып, аларды миңдеген түрдүү жемиш бердирет.

Жаратуучунун ушул сыноосунун арты менен инсандар тазарып, бе­йишке ылайык абалга келет. Тактап айтканда, кендер алтынга, алмаз­га жана күмүшкө айланат. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) хадисинде мындай деген: «Адамдар кен сыяктуу. Жахилийада (Исламдан мурунку учур) кайырдуу болгон, Исламда да кайырдуу.»

Тагыраак айтсак, жахилийада намыстуу болгон Умар исламда да  улук, токтоо, салабаттуу, күчтүү. Жахилийат доорунда катаал, каала­ганын жасаткан, исламда болсо ушунчалык кичипейил, бирок каа­пырларга, бузукуларга карата катаал жана жаалдуу Умар! Жахили­йада кен катары кандай болсо, исламда да ошондой. Ошондуктан ор­дунда жөн турбаган, жандуу, алдуу-күчтүү кишилерди көргөнүбүздө ичибизден мусулман болушун тилешибиз керек... Анткени жахили­йада намыстуу болгон исламда да намыстуу болот.

Ислам дини инсанды кен сыяктуу ийлейт, сом алтынга айландырат. Сахабалар ушундай сом алтынга айланышкан. Кийинкилердин сапа­ты түшө баштаган. Жыйырманчы кылымда эң төмөн даражага чейин түшүп кеткен.

Демек, биз дүйнөдө тазарышыбыз үчүн сыналуудабыз. Кудай биз­дин кандай жол аркылуу тазарышыбызды билгендиги үчүн, бизди сыноодо. Кудай сактасын, Ал билбеген нерсесин бизден билүү үчүн эмес. Тагыраак айтсак, биз өзүбүзчө сыналуудабыз.

Ырас, биз темир болсок темир болуу, алтын болсок алтын болуу жолундабыз, биз бул үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз, ушун­дайча Кудайдын эзелде билген нерсесинин жүзөгө ашышына себеп болобуз. Биз өзүбүздү өзүбүз сынап, Анын алдына өз турпатыбыз ме­нен келебиз. Куран айткандай, «Ошол күнү алардын колдору, бутта­ры, - буга кошсок - көздөрү, тилдери аларга каршы күбөлүк берет.» Сен да муну билсең, өзүң менен өзүң сыналып жатканыңды түшү­нөсүң. Кудай сенин абалыңды билиш үчүн сынап жаткан жери жок. Тескерисинче, сени сага көрсөтүүдө жана сени өзүң менен сыноодо.

Бардык нерсенин эң туурасын Алла Таала гана билет.