Кээ бир адамдар «Биз эмне үчүн Алланы көрбөйбүз» дешет. Буга жооп бериш керек?

Негизинде бир нерсени көрүү – бул, аны толугу менен камтуу жөн­дөмүнө байланышкан нерсе. Мисалы, адамдын денесинде микробдор бар, бир эле тиштин түбүндө миллиондогон бактерия бар. Булар мүм­күнчүлүгүнө жараша адамдын тишин бузганга аракет кылышат. А би­рок адам баласы булардын эмне кылып жатканын укпайт, бар эке­нин деле билбейт. Алар да адамды толугу менен көрө албайт. Адам­ды көрүш үчүн адамдын сыртында болуулары жана адамды камтый ала турган чоң көздөрү болушу керек. Демек, алардын көрүүлөрүнүн адамды камтый албоосу адамды көрүшүнө тоскоол болууда. Алар болсо, ошол учурда эмненин тушунда турса, ошону көрө алат.

Микроааламга тиешелүү бул мисалга окшош дагы бир мисалды макроааламдан берели. Мисалы, биз чоң телескоптун жанында оту­ралы дейли, бул телескоп жарык жылы менен төрт миллиард жылдык аралыкты көргөзө алат. Бирок дагы эле, бүтүндөй аалам тууралуу ал­ган маалыматыбыз «дарыядагы бир тамчы» сыяктуу. Балким болго­ну ошол телескоп аркылуу кээ бир бүдөмүк маалыматтарга ээ боло алабыз.

Бирок биз ааламдын жалпы түзүлүшүн, ички жүзүн көрө албайбыз жана түшүнө албайбыз. Анткени микроааламда болгондой эле, мак­роааламда да толук түшүнүккө ээ эмеспиз.

Колубуздагы микроскоп, же X нурлары аркылуу микроааламды то­лугу көрө албаганыбыздай эле, макроааламды да толугу менен көрө албайбыз. Эми Алланын улуулугу тууралуу ой жүгүртөлү: Пайгамба­рыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай деген: «Алланын күр­сисине салыштырмалуу бардык жерлер, б.а. жарык ылдамдыгы ме­нен триллион көбөйтүү триллион тереңдиктери болгон мейкиндик­тер чөлгө ташталган алкакча сыяктуу. Анын аршына салыштырмалуу күрси чөлгө ыргытылган бир алкакча сыяктуу.» Арш жана күрсини карап, аларды башка нерселерге салыштыруу менен бул кандай зор жана алп нерсе деп ойлойбуз. Алла Таала буйрук менен өкүмү ошон­дой улуу жерден ишке ашууда.  

Эми ааламдарга салыштырмалуу бир микроб сыяктуу кичинекей болгон адам баласынын бүткүл ааламды камтып түшүнө алышы кан­дай акылга сыйгыс нерсе болсо, баардык ааламдар Ага салыштыр­малуу микробдой кичинекей болгон Аршты түшүнүүгө аракет кы­лууңар дагы ошондой нерсе. Ал эми Арш болсо болгону, Алла Таала буйруктарын жана өкүмдөрүн жүргүзө турган гана жер. Абал мындай болсо, Кудайды кантип көрө алмак эле?..

Ошон үчүн Куранда «Көздөр Аны камтый албайт, Анын илими болсо бардык көздөрдү камтыйт.» - деп айтылууда.

Ырас, бардык көздөр Аны көрө албайт. Көрүү үчүн көрүлө турган нерсени көздүн камтый алуусу керек. Ал бүткүл көздөрдү көрөт, би­рок көздөр Аны көрө албайт (камтый албайт). Тема түшүнүктүү бо­лушу үчүн бул өңүттүн ушундай билиниши шарт.

Дагы бир жактан алып караганда, нур – бул, Кудайдын хижабы (пардасы). Биз нурду дагы көрө албайбыз. Пайгамбарыбыз (саллал­лоху алейхи васаллам) мираждан келгенде, Андан сурашат: «Раббиң­ди көрдүңбү?» Бир жолкусунда мындай дейт: «Ал – Нур, аны кантип көрмөк элем?» Дагы бир жолкусунда мындай деген: «Мен нур көр­дүм.» Ал эми нур – бул, макулук, жаралган нерсе.

Нур Кудай эмес. Дагы бир хадисте мындай деп айтылат: «Кудайдын хижабы – нур.» Б.а. биз менен Анын ортосунда бир нур парда бар.

Алла Тааланы таанууга байланыштуу маселелерге келсек, тема барган сайын тереңдеп, оорлошуп, татаалдаша берет...

Натыйжа катары мындай демекчибиз: Кудай көрүнбөйт. Анын пар­дасы – нур. Биз нурду гана көрүшүбүз мүмкүн. Мисалы, нафси амма­ра сырын ачууга аракет кылганда, кызыл нур көрүнөт, нафси лавва­мага келгенде, көк, нафси мутмаиннага келгенде жашыл бир нур кө­рүнөт. Андан кийин дагы бир даражага келгенде, ал жерде көргөн ну­руңардын түсүн аныктап, тактай албайсыңар. Бул, олуялар көрө ала турган абал жана бир гана көкүрөктүн аруулугуна байланыштуу.

Бир пикир айтуу үчүн темага бул түстөр менен баштадым жана тү­шүндүрүүгө аракет кылдым. Андыктан силер дагы бир гана Алла Тааланын нурунун шооласынын шооласын гана көрө аласыңар. Бул себептен улам, Аны көргөн болуп саналбайсыңар.

Эми болсо, теманы дагы башка бир жагынан алып карайлы. Ибра­хим Хаккы мындай дейт:

«Табылбайт Раббимдин теңдеши, ааламда
Кейиптен жана көрүнүштөн аруу Алла Таала.»

Оболу, Раббибиздин терси жок. Бул абдан маанилүү бир маселе.  

Бир нерсени терси болгондо гана көрүнөт. Б.а. сен жарыкты көрөсүң, анткени анын терси караңгы бар. Ушул сыяктуу эле, кээ бир узундук­тар тууралуу пикир билдиресиң, мисалы, бул эки метр, тигил үч метр ж.б. Терси болгондуктан ушундай тартипке салынат.

Караңгылык жарыкты көрсөткөндөй, Алланын терси жок.

Эми бул маселени физикалык жагынан карайлы. Адам баласы, жа­ратылыштын канча пайызын көрүүдө? Ооба, силер көргөн нерселер тууралуу бир сан айта аласыңарбы?

Мисалы, минтип ойлойлу, көрүнө турган нерселерден миллиард­даган нерселер бул аалам көргөзмөсүндө биздин назарыбызга суну­луп, «Келгиле, көргүлө ибратсабак алгыла. Жаратканды алкагыла!» деп айтылган. Чындыгында назарыбызга сунулган бул нерселердин миллиондон бешин гана көрө алабыз, калгандарын билбейбиз. Ооба, белгилүү бир өлчөмдө, белгилүү жарык толкундарынын ичинде гана көрө алабыз. Андай болсо, көңүл бургула: «Мен эмне үчүн Алланы көрө албайм?» деген киши миллиондон бешин гана көргөн бул тар ааламдын ичине бардык ааламды колунда кармаган Алланы сыйдыр­гысы келет! Бул кандай гана тайыз пикир!

Ырас, жаратылыш тууралуу миң ойлонуп-толгонгон адам гана Аны акыретте көрө алат. Улуу Пайгамбар Азирети Муса менен пайгамбар­лардын мырзасы Азирети Мухаммед (саллалоху алейхи васаллам) өз абалдарына жараша сөзсүз түрдө аны көрөт. Калгандары болсо өз деңгээлдерине жараша. Мында изилдөө, ой жүгүртүүгө үндөп, шык­тандыруу бар. Акыретте жакшы жашоого аракет кылат, тагыраак айт­канда, ал жерде пикир жана рухий жактан жогорулаган кишилерге жараша турган түрдө Алланы көрүп, сезүү үчүн бул жерде ички ру­ханий дүйнөсүн байытат. Албетте, шыкжөндөмдөрүнө карайт. Алсыз (дайиф) бир хадисте (Ибрахим Хаккы алсыз болгонуна карабастан которгон) мындай деп айтылат:

«Жер-асманга сыйбаймын,
Жүрөктөрдөн гана Өзүмө жай табамын»

дейт Алла Таала

Анын улуулугунун жанында он сегиз миң аалам кымынчалык да­гы болбой кала турган Жаратуучу кандай мээримдүү, ар бир момун­дун жүрөгүндө купуя сезилет жана анын жан дүйнөсүнө бейпилдик тартуулайт.

Албетте, баардык нерсенин акыйкаты Аллага белгилүү.