Эне

Эне өтө улуу жана ыйык. Кааба жалпы жаратылыш акыйкаттарынын, Мекке баардык өлкөлөрдүн, мээ бүтүндөй тулку бойдун негизи болгондой эле, эне дагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн негизги тиреги, үйдүн куту. Ал үй-бүлөнүн Чолпон жылдызы.

Ооба, энелер дүйнөдө акыретти эске салып турушат. Тарткан кыйынчылык, машакаттары менен бул дүйнөдө көргөн сыйынын ортосунда чоң айырмачылыктар буга ачык-айкын далил боло алат. Мунун мындай экендигин түшүнүү үчүн көпкө изилдөөнүн кереги жок; алардын бир өмүр бою эмне эгип, эмне жыйнаганына, кандай азаптар тартып, натыйжасында эмне тапкандыктарына көз жүгүртүү жетиштүү деп ойлойм.

Энелердин жүздөрү бейиштеги үрлөрдүн жүзүндөй жагымдуу, көз-караштары периштелердикиндей терең, сезимдери периштелердикиндей таза. Алар, суусу, топурагы башка ааламдардан алынып келинген берекеттүү жерде өскөн гүлдөр сыяктуу суктанаарлык сулуу жана сүйкүмдүү жана сыйкырдуу. Инсан жакшылап көңүл буруп караса аларда материалдык нерселерден өзгөчөлөнүп турган, башкача сыйкырдуу нерсенин бар экендигине ынанат.

Сезимтал инсандар, энелердин ар дайым мээрим менен толуп-ташкан дүйнөлөрүндө көңүлдөрү жай таап, ырахаттанышат. Алар бизди, көкүрөктөрүнө кысып, мээрим төккөндүктөрү үчүн бизден эч нерсе күтпөгөн мээрим жана кайрым каарманына окшойт. Биз дагы алардын жанында баардык ишти аткара ала тургандай сезим менен ишенимдүү жана коркпостон айланага карачубуз.

Эне өтө сезимтал инсан. Ооба ал, ачуу-таттуу тагдырына моюн сунган, кубанычтар, кайгыларга үйрөнгөн, балдарынан бир нерсе күтүп, алардан күткөн нерселерин көрө албаса, аларга таарынбаган, табияты илахий адеп-ахлак менен кристалдашкан кайрым, оопа жана мээрим каарманы. Анын тарткан кыйынчылыктары махшар майданындагы тер көлмөсүндөй тамагына чейин келип турса да, балдары кайрымсыздык кылып, ага азап тарттыруусу дагы анын эркин бошоңдото албайт.

Баласынын кандуу бычагы менен өпкө-жүрөгү кескиленип жаткан эне, колуна бычак тийип кеткен баласы “Апа!” деп кыйкырганда канкор баласынын колун “кулунум!” деп кучактаган эне тууралуу икаяны, балалык чагымдан бери качан эстесем ар дайым титиреп жана бул кичинекей икаядагы эне мээриминин күчтүүлүгүн сезүүгө аракет кылам. Ошондой эле, түбөлүк жашоого жана акыретке ыйман келтирген энелерчи! Алар материалдык жагы болгондой эле, руханий тараптары дагы бар энелер! Алар материалдык жана руханий эки нерсенин бириккен ааламында, көңүлдөрү балдарына карата, элестетүү мүмкүн болбогончолук деңгээлде күчтүү байланышка ээ. Алетте, ыйманды жана ыймандагы түбөлүктүүлүк ылаззатын сезе албагандарга муну айтып түшүндүрүү оңойго турбайт.

Ооба, алардагы ыкыластын ушундай күчтүү бойдон калуусун, ыкыластын ар дайым сакталышын.. жана алардын жүрөктөрү ар дайым сүйүү менен толкуп туруусун, жаман чөйрөдө өсүп, чоңойгонуна карабастан ушунчалык руханий сезимдер менен толуп-ташууларын айтып түшүндүрүү өтө кыйын болсо керек...

Биз үчүн алар, канчалык даярдык учурун баштарынан өткөргөндүгүн бир ойлоп көрсөңөр! Кандай кыйынчылыктарды тартышкан? Кандай оор окуялар болуп өткөн? Кандай кыялдар менен толкундап, канчалык үмүтсүздүк менен кыйналган? Канчалаган жолу боздоп ыйлаган? Канча жолу мээрими ашып-ташкан жана канча жолу мээримге муктаж болгон?. Кыскасы, биз үчүн кандай баалуу нерселерди сарптап, кандай эмгек кылган. Бирок, эч кандай нерседен үмүткөр болгон эмес...

Ооба биздин дүйнөгө келишибиздин ар бир көз ирмеминде кучактап, жыттап, өөп, кыжаалатчылыктарыбызды кетирип, кыйынчылыктарыбызды тең бөлүшкөн. Жебей, жедирген, кийбей, кийгизген, ачкалыгын-токтугун, ачкалыгыбызда-токтугубузда сезип жашаган, кубанчыбыз жана бактылуулугубуз үчүн инсандын аракетинен күчтүү аракет менен, ойго келбеген оор кыйынчылыктарга чыдаган. Бизге, өсүп-жетилүүбүз, эркибиздин бекемделиши, акылыбыздын курчушу, ой-жүгүртүүлөрүбүздүн руханий ааламга багыт алышы жолдорун көрсөткөн. Булардын баарын аткарып жатып, эч кандай нерсе үмүт кылбаган зат бул-эне.

Биз жашообуздун негизги бөлүгүн тоос кушунун түркүн-түстүү жүндөрүнөн дагы кооз, гүлдөрдүн сыйкырдуу дүйнөсүнөн дагы өзгөчө ажайып, куштун уяларынан дагы жылуу жана коопсуз сезилген алардын чөйрөсүндө өткөрөбүз. Биздин алсыздыгыбыз жана муктаждыгыбыз менен бирге жашоонун бир топ кыйынчылыктары башыбызга келгенде аларга корголоп, жолубуздан чыккан тоскоолдуктарды алар менен ашып өтүүгө аракет кылабыз. Биз аларга коргологондо, алар дагы бизди бооруна кысып, кыжаалаттанган көңүлдөрүбүзгө бейкуттук тартуулаган. Мындай абалдарда, дээрлик баардык инсандар, өз жан дүйнөсүнөн болгондой эле, алардын көз караштарынан, жылмаюуларынан, жүзүнүн белгилеринен чыга келген мээримди жана үнсүз кайрыктарды уккандай болот.

Биз алар менен өткөргөн бул таттуу күндөрдө бактылуулуктун кучагында жашаганбыз. Ал күндөрдүн бактылуу сааттарында жашоонун эң жагымдуу кайрыктарын, энелердин көкүрөктөрүнөн угуп, сезимдерибизге жараша “Чыныгы бактылуулук ушул болсо керек” деп толкунданганбыз.

Эне, жаратылыштын эң маанилүү негизи, адамзат дүйнөсүнүн эң берекеттүү түркүгү жана биздин көзүбүздүн нуру. Биз баарыбыз, энелерге карызбыз.

Асман жердин ортосундагы баардык нерседен эне жогору турат. Бейишке бара турган жол анын таманынын алдынан өтөт. Алла Таала китебинде энеге өтө улуу орунду берген. Ал улуу даражанын жанында, жер жүзүнүн өкүмдарлыгы тыйынга арзыбай калат. Албетте, анын таманынын алдында ордун таба албаган баштардагы таажылардын дагы эч бир баасы жок.

Эй рухтар сыяктуу назик, периштелер сыяктуу таза жана көк асман сыяктуу кенен, улуу зат, жогору жактан сага улуу баа берилүүдө. Сенин баскан-турганыңдын үнү тээ периштелер турган жерге угулууда, жашооңдун кайрыктары Бейиш кырларында жаңырууда. Биз баарыбыз сенин кулдарыңбыз, сен болсо мээрим, кайрым жана чын дилден жасаган мамилең менен бизди кул кылган таажысыз султансың! Эгер ушул ааламда баардык нерсенин өзүнө таандык руху жана жашоо маңызы бар болсо, биздин жашообуздун маңызы сен болушуң керек!

Алла кыямат таңында сени Затынын жарыгы менен жаркыратсын! Келечегиң Бейиштегидей шаңдуу жана Аллага жолугууң куттуу болсун!